Ысык-Көлдө 5 туристтик маалыматтык борбордун курулушу башталды

Ысык-Көлдө 5 туристтик маалыматтык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун өкүлү Дамир Жумаканов билдирди. Анын айтымында, алар Балыкчы шаарында жана Түп, ак-Суу, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында жайгашат.

 

Эс алуучулар бул борборлордон чай-кофе ичип, телефондорун кубаттап, туристтик багыттар боюнча керектүү маалыматты алса болот.

 

Курулушка каржылык колдоону Дүйнөлүк банк көрсөтүүдө. Келечекте мындай туристтик-маалыматтык борборлор өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот, — деди Жумаканов.