Кыргызстан өткөн жылы дээрлик 560 миллион литр бензин импорттоду. Январдан ноябрь айына чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Күйүүчү-майлоочу материалдын жалпы баасы 247 миллион долларды түзөт.
Отундун басымдуу бөлүгү Россиядан импорттолот. Андан тышкары, бензин Казакстан, Армения, Беларустан ташылат.
Кошумчалап кетсек, 2022-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, импорт көлөмү 113 миллион литрге азайды.