Кыргызстан январдан июль айына чейин 1,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоду.
Маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.
Кыргызстанга электр энергиясын негизги жеткирүүчү Казакстан жана Түркмөнстан болгон.
Казакстандан 423 миллион 13 миң киловатт саат 6 миллион долларга же 1 киловатт саатка 1 центке жакын жеткирилген.
Түркмөнстан Кыргыз Республикасына 30,8 миллион долларлык 1,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын берди, бул 1 киловатт-саатка 2,6 центке туура келет.