Токтогул суу сактагычында көрсөткүч 11 миллиарддан төмөндөдү

Токтогул суу сактагычында көрсөткүч 11 миллиарддан төмөндөдү.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуарында 10 миллиард 971 миллион кубометр суу бар.

Суунун агып кириши 150 кубометр болсо чыгым 500 кубометрден ашууда. Былтыр ушул

күнгө салыштырмалуу көлөм 2,5 миллиард кубометрге көп болчу.  Муну менен бир айдын

ичинде суу 1 миллиард кубометрге азайды. Эксперттердин айтымында, Токтогул суу

сактагычында нымдуулуктун деңгээли 9 миллиард кубометрден төмөндөсө критикалык

абал башталат. Көрсөткүч 5,6 миллиард кубометрге түшсө, электр энергиясын

өндүрүү мүмкүн болбой калат.