Катар Кыргызстанга эки ГЭС курууга кызыктар

Катар Кыргызстанга эки ГЭС курууга кызыктар.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин аталган мамлекетке расмий сапарында жергиликтүү компания менен талкууланды.

Маалыматка ылайык, катарлык ишкана Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин айтып, Чаткал жана Казарманга ГЭС куруу ниетин билдирди

Жыйынтыгында тараптар эксперттик иликтөө иштерин баштоону макулдашты.

Бирок анын мөөнөтү кабарланган жок.