Бийлик ушул жылдын ноябрына чейин Кыргызстан калкынын 70 пайызын коронавирустан эмдөө ниетинде.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бул болжол менен 3 миллион адамды түзөт.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата 682 мин кыргызстандыкка вакцинанын биринчи компоненти жасалды. Учурда өлкөдө 3 препарат менен эмдөө жүрүүдө – “казвак”, “астра зенекка” жана “синофарм”.