13 кыргызстандык ишкана Кытайга кургак сүт жана сыр экспорттоого укук алды

13 кыргызстандык ишкана Кытайга кургак сүт жана сыр экспорттоого укук алды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

 

Кытай тарап ветеринардык сертификаттар боюнча макулдашуу процедурасын аягына чыгарды. Муну менен, аталган ишканалар Кытайга азык-түлүк продукциясын импорттоо боюнча тизмеге расмий түрдө катталды.