Кыргызстанда ишкерлерди колдоого багытталган насыяны берүү уланууда

Кыргызстанда ишкерлерди колдоого багытталган насыяны берүү уланууда.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, карызды кутулуу мөөнөтү беш жылга чейин.

Жылдык үстөк 4 пайыздан башталат. Ишкерлер бизнесинин көлөмүнө жараша

150 миң сомдон 30 миллион сомго чейин алса болот. Белгилеп кетсек,

өкмөт пандемия шартында жабыр тарткан ишканаларга жана

бизнести колдоого өткөн айдан тартып насыя бере баштаган.