Кыргызстанда бүгүнтөн тарта бизнес-акыйкатчы институту иштеп баштады. Бул тууралуу 24 агенттигине ишкерликти коргоо органынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Эми жеке ишкерлер бул институтка ар кандай маселелер боюнча кайрыла алат.
Кийинки жумада ведомствонун расмий сайты ишке кирип, арыздар же сунуштар онлайн кабыл алына баштайт. Бизне с-акыйкатчы институту аткарган иши боюнча биринчи отчетту үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынан кийин берип калат.