Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап баштады. Учурда америкалык валютаны коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 83 сомдон сатып алып, кайра 85 сомдон сатышууда.
Муну менен 1 суткада эле доллар 2 сом 70 тыйынга көтөрүлдү. Белгилеп кетсек, соңку 4 жылдан бери алгачкы жолу Улуттук банк долларды сатып алуу боюнча интервенция өткөрдү. Бул америкалык валютанын куну кескин түшүп кеткенине байланыштуу.