Туристтик милиция курорттук аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Туристтик милиция курорттук аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, стратегиялык жолдордо милициялар, дарыгерлер жана куткаруучулар нөөмөттө турушат.

 

Жол инспекторлору айдоочулар жана жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Туристтер көп топтолгон жерлерде ыкчам-тергөө тобунун нөөмөтү уюштурулат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, туристтер күнү-түнү 100 кыска номуруна кайрылса болот.