Кыргызстанда эгиз балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө

Кыргызстанда эгиз балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч төмөндөөдө.

“Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдиргендей, былтыр 1 миң 380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлдү.

2021-жылы 1 миң 452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1 миң 552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.

Он жылдык мөөнөттү алып карасак, буга чейинки 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эм төрөлгөндөр 1 миң 286дан 1 миң 640ка жеткен.