Кыргызстанда күрүчтүн бардык түрлөрүнүн баасы көтөрүлүүдө

Кыргызстанда күрүчтүн бардык түрлөрүнүн баасы көтөрүлүүдө.

Жыл башынан бери товар дээрлик үч эсе кымбаттады.

Дүң сатуучулар Казакстандан товар жөнөтүү азайганын айтышууда, — деп жазды Мир 24.

Коңшу өлкөдөн импорт чындап эле аз болгонун Айыл чарба министрлиги да тастыктады.

Маалыматка ылайык, көлөм болжол менен 10 пайызга кыскарды.

Кырдаалды ата мекендик фермерлер сактап кала алмак, бирок алар муктаждыктын бир бөлүгүн гана камсыздай алышат.

Мындан тышкары, жергиликтүү Баткен жана Өзгөн күрүчтөрү казакстандыкына караганда кымбат.

Өндүрүүчүлөр өкмөттүн жардамына үмүт артышууда.