Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.
Бүгүн Бишкекте жана Чүй облусунда кечинде катуу шамал болушу күтүлүүдө.
Бороон-чапкындын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Мындан улам жарандарга унааларын бак-дарак жана жеңил
конструкциялардын жанына токтотпоо сунушталат.