Материалдык резервдер фондундагы ун арзандатылган баада сатылат

 

Материалдык резервдер фондундагы ун арзандатылган баада сатылат.

 

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Азаттыкка” билдиргендей, матрезервдин 1-сорттогу бир кап унун 1 миң 400 сомдон сатуу пландалууда.

 

Бул үчүн өкмөттүн тапшырмасы менен атайын жайлар даярдалып жатат. Белгилеп кетсек, карантин киргизилген алгачкы күндөрү Кыргызстанда ун тартыштыгы байкалып, баа кескин өскөн. 1 миң сом турган биринчи сопрттогу бир кап ундун наркы 1 миң 700-2 миңге чейин жетти.