Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйынга чогулат

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйынга чогулат.

Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.