Бишкекте муктаж адамдарга кийим-кечек чогултуу үчүн 80 бокс пайда болот.
Балдардын укугун коргоо фондунан билдиришкендей, атайын долбоордун
алкагында ордо калаадагы соода борборлорунун ичине 50, көчөлөргө 30 бокс орнотулат.
Аларга каалоочулар кийим-кечек, оюнчук жана башка жеке буюмдарды салса болот.