Биометрикалык чет элдик паспорттор жыл аягында берилип баштайт

Биометрикалык чет элдик паспорттор жыл аягында берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, учурда коргоочу элементтерди талапка келтирүү жана дизайн боюнча иштер аткарылып жатат.

 

Ноябрда эскиздер даяр болот. Жыл аягына чейин жарандардын персонификациясы жүрүп, жаңы үлгүдөгү паспорттор берилип баштайт.

 

Эске салсак, жалпы жарандык паспортторду даярдоо боюнча тендерде германиялык компания жеңишке жеткен. Документтерди ал 655 миллион сомго даярдап берет.