Кыргызстанда кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн күн электр станциясы курулат

Кыргызстанда кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн күн электр станциясы курулат.

 

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруу Эл аралык каржы корпорациясы менен биргеликте жүргүзүлөт.

 

Ведомстводон белгилешкендей, объекттин курулушу электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртып, жалпы экономиканын өнүгүшүнө салым кошот. Долбоордун баасы жана ишке ашыруу мөөнөтү такталбайт.