Кыргызстанда эртең, ишемби жумуш күнү болот

Кыргызстанда эртең, ишемби жумуш күнү болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен эске салышкандай, жаңы жылдык алыш күндөрүн ыңгайлаштыруу максатында, 4-январдагы иш күн 25-февралга жылдырылган болчу.

 

Андыктан, 5 күндүк график менен иштегендер, эртең жумушка чыгат жана Кыргызстанда расмий түрдө эртең иш күнү болот.