Кыргызстанга “файзер” вакцинасы 26-февралда жеткирилет

Кыргызстанга “файзер” вакцинасы 26-февралда жеткирилет.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Жалпысынан коронавируска каршы препараттын 20 миң 500 дозасы келиши күтүлөт.

 

Жеткирүү COVAX программасынын алкагында ишке ашат. Вакцинаны гуманитардык жардам катары Кыргызстанга Франция элчилиги берип жатат.