Сыртта жүргөн эмгек мигранттарын каттоо боюнча жаңы система түзүлүүдө

Сыртта жүргөн эмгек мигранттарын каттоо боюнча жаңы система түзүлүүдө.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, ал ачык система болот жана жакында ишке кирет.

Ага айыл өкмөттөрү сыртка кетип жаткандар боюнча маалыматты киргизип турушат.

Соңку расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстандын 1 миллион 118 миңдей жараны чет жактарда эмгек мигранты болуп жүрөт.