Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө каржылык колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, биздин өлкөгө 10 миллион доллар грант келет.

Андан тышкары 0,75 пайыз үстөк менен 10 миллион доллар насыя берилет.

Бересенин мөөнөтү 38 жыл, анын алты жылы жеңилдетилген түрдө болот.