Сузактагы кырсыкта жабыркаган 19 бала дале ооруканада дарыланып жатат

Сузактагы кырсыкта жабыркаган 19 бала дале ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, 10 окуучу Бишкекке жеткирилген, үчөөнө операция жасалды. Абалдары туруктуу деп бааланат. Калган 9 бала Жалал-Абад ооруканаларында дарыланууда, — деди министр.

 

Эске салсак, каргаша 2-майда жайлоодо “Урааным Манас” сынагы учурунда болду. Токтоп турган кичи жүк ташуучу унаа жүрүп кетип, 34 бала жабыркады.