Кыргызстанда дагы 13 медицина кызматкери коронавируска кабылды

Кыргызстанда дагы 13 медицина кызматкери коронавируска кабылды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирет.

Анын айтымында, илдетке кабылгандар Санэпидем көзөмөл кызматынын жана

Ош жугуштуу оорулар бейтапканасынын кичи кызматкерлери. Кошумчаласак,

учурда Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусуна кабылган

дарыгерлердин жалпы саны 32ге жетти.