Талас облусунун Бакай-Ата районуна таза суу системасы тартылууда.
Аймактык башкармалыктан билдиришкендей, учурда узундугу 1 чакырымдан
ашык жерге суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Иштер жакынкы аралыкта жыйынтыкталат.
Таза суу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 152 миң сом каралды.
Каражатка түтүк жана башка керектүү курулуш материалдары сатып алынды.