Бишкек ЖЭБинин абанын булганышына тиешеси жок

Бишкек ЖЭБинин абанын булганышына тиешеси жок.

Бул тууралуу жылуулук-энерго борбордун директору Андрей Воропаев билдирди.

Ал ишендиргендей, ЖЭБде жыл сайын электрофильтрлерди оңдоо жүргүзүлөт.

Жаңы блоктордо тазалоонун жаңы системасы орнотулган, ал 99 пайызга тазалоого жөндөмдүү.

Мындай жабдуу дүйнөдө бир нече объектте гана бар.

Азыркы тапта жаңы түтүктүн үстүндө түтүн такыр жок, — деди Воропаев.