Бишкектеги тигүүчү цехтен чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Пишпек районунда жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан өрт саат 17:12де толук өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон.