Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары көбөйүүдө

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары көбөйүүдө. Эки күндө эле Республикалык инфекциялык ооруканага 822 адам кайрылды. Алардын 165и жаткырылды. Көбүндө курч респиратордук вирустар катталды. учурда медициналык жайда 468 адам дарыланууда.

 

Буга байланыштуу, медиктер зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылууга чакырат. Инфекциялык ооруканага алар жөнөтсө гана келүү керек.