Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жардам 100 кычкылтек концентраторунан турат.

Гуманитардык жардамдын суммасы 59 миң долларды түзөт.

Аталган уюм өлкөдө пандемия катталгандан бери

медициналык жабдуу жана коргонуу каражаттарын бир нече ирет тапшырып берген.