Россиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады

Россиядан келген дарыгерлер Кыргызстандагы ишин жыйынтыктады.

Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун айтымында,

медициналык топ биздин дарыгерлер менен бирге кызыл зоналарда иштеп, бейтаптарды дарылашты.

Ортодо тажрыйба алмашуу да болду. Жалпысынан адистер 4 миңден ашык бейтапка жардам беришти.

Эске салсак, Россиялык дарыгерлер 23-июлдан тартып өлкөнүн аймактарында иштешти.

Жалпысынан 31 медициналык мекемеде иш алып барышты.