Ашраф Гани Тажикстанга чыгып кетти

Афганистандын президенти Ашраф Гани Кабулдан Тажикстанга учуп кетти, ошол жактан үчүнчү өлкөгө сапар алат. Бул тууралуу РИА Новостиге ишенимдүү адам билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы менен кошо улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб да кетти.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Гани өлкөдөн дипломатиялык өкүлдөрдү ташыган АКШ учагы менен чыгып кетиши мүмкүндүгүн божомолдогон.

Буга чейин Афганистандын президенти отставкага кеткени айтылган. Ага чейин президенттик администрациянын имаратына «Талибан»* делегациясы барып сүйлөшүү жүргүзүп, жолугушууларга АКШ менен НАТОнун өкүлдөрү да катышкан.

 

Жергиликтүү ЖМКлар бийлик Афганистандын 2003-2005-жылдардагы министри, Германиядагы мурдагы элчи Али Ахмад Жалалиге берилерин жазышууда.

Өлкөдөгү саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат. Талибдер Афганистанды толугу менен басып алды.

*»Талибан» — террордук уюм деп табылып, Россияда ага тыюу салынган.