Ордо калаанын жаңы генералдык планы иштелип чыгат

Ордо калаанын жаңы генералдык планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, эми үйлөрдү шаар куруу документине ылайык гана курууга мүмкүн болот.

 

Калаа жетекчиси эске салгандай, Бишкектин ортосунан шамал өтүп турушу керек, бирок башаламан курулуштан улам, бул боюнча маселелер жаралууда.

 

Ордо калаа бийлиги жакынкы арада Мамлекеттик курулуш агенттиги жана курулуш компаниялары менен бардык маселелерди талкуулоо үчүн жолугушат.