Кыргызстанда малдын санын көбөйтүү үчүн насыя бериле баштады.
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Кредит дыйкандарга 500 миң сомго чейин, дыйкан чарбаларына 1 миллион сомго чейин берилет.
Насыяны жылдык 6 пайыз менен үч жылга чейин күрөө менен алса болот.