Архитектура агенттигинин инвестициясы жарым жылда 30 млрд сомдон ашты

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин инвестициясы жарым жылда 30 миллиард сомдон ашты.

Мекеменин маалыматына караганда, декабрь айына чейин өлкөдө 87 объекттин курулушун бүткөрүү пландалууда.

Анын ичинде 29 мектеп, 12 көп функционалдуу спорт зал, 9 бала бакча, 1 медициналык мекеме, 2 маданият объектиси, 6 спорт комплекси жана дагы 28 капиталдык курулуш имараттары бар.