Кызмат өтөө учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге кошумча
жөлөк пул берүү маселеси дагы эле кароодо. Медицина кызматкерлерине
каржылык колдоо көрсөтүүнүн суммасы тууралуу толук чечим кабыл алына
элек, — деп билдиришти өкмөттөн. Эске салсак, буга чейин КОВИД илдетин
жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң, каза болгон учурда
үй-бүлөсүнө 1 миллион сом ыйгарыла турганы маалым болгон. Учурда
Кыргызстанда 32 дарыгер коронавируска кабылды. Алардын арасында санэпидем
көзөмөл жана Ош инфекциялык ооруканасынын кичи кызматкерлери бар.