Жалал-Абад облусунда күндүзгү станционарларда 1 миң 962 орун даярдалды

Жалал-Абад облусунда күндүзгү станционарларда 1 миң 962 орун даярдалды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар жергиликтүү бийлик жана

демөөрчүлөр тарабынан оюштурулду. Учурда анын 200дөн ашык оруну резервде турат.

Учурда аймакта 202 кислороддук концентратор, 45 ИВЛ аппарат бар. Ошондой эле

күндүзгү стационарларда орундарды көбөйтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.