Кыргызстанга 15-июлда бир катар медициналык жардам келет.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирет.
Анын айтымында, жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек,
17 багыттагы медициналык каражаттар жана 13 тез жардам унаасы жеткирилет.
Сатып алууларга Дүйнөлүк банк 9 миллион доллар бөлүп берген. Тендер өткөрүлүп,
6 миллион долларга келишим түзүлдү. Исмаилова кошумчалагандай,
дагы башка уюм тарабынан да 835 миң долларга жеке коргонуу
каражаттарын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.