Бишкектин Ала-Тоо аянтында Саякбай Каралаевдин үнү жаңырышы мүмкүн

Бишкектин Ала-Тоо аянтында Саякбай Каралаевдин үнү жаңырышы мүмкүн. Демилгечилердин айтымында, борбордук аянтта улуу манасчынын “Манас” айткан үзүндүлөрүн коюу пландалууда.

 

Күтүлгөндөй, эпос күнүнө 3 ирет 5 мүнөттөн жаңырат. Колонкалар Манас эстелигинин алдына орнотулат. Эпос айкелдин айланасында 50-60 метр аралыкка чейин угулуп турмакчы. Авторлордун пикиринде муну менен коомчулукта Манас айтууга жана эпоско кызыгуу пайда болот.