Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, трасса жүк ташуучу унааларга жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүп, трасса жүк ташуучу унааларга жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан Novosti.kgге билдиришкендей, бүгүн таңкы саат 5 жарымда Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында көлөмү 12 миң кубометрге барабар кар көчкү түштү.

 

Жолчулар тынбай иштеп, учурда кыймыл жеңил унааларга ачылды. Ал эми жүк ташуучу машинелер убактылуу өткөрүлбөйт.