Бишкекке автобус сатып алууга жана автопаркты оңдоого Европа реконструкциялоо банкы 25 миллион евро бөлөт

Бишкекке автобус сатып алууга жана автопаркты оңдоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 миллион евро бөлөт.

Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, акча эки транш менен кредитке берилет.

Мындан тышкары, банк 8 миллион евро грант берүүнү пландоодо. Жалпысынан автобустарды сатып алуу долбоорун ишке ашырууга 33 миллион евро бөлүнөт.