Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы кымбатташы күтүлүүдө

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы кымбатташы күтүлүүдө.

Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатовдун айтымында, буга сомдун девальвациясы жана доллардын кымбатташы таасир этет.

Ал Кыргызстанга күйүүчү май ташып келүү боюнча келишимдер доллар менен түзүлөөрүн эске салды.

Америкалык валютанын баасынын дайыма 1 сомго кымбатташы бензиндин литринин 60 тыйынга көтөрүлүшүнө алып келет.

Февралдын аягынан бери доллардын курсу дээрлик 14 сомго кымбаттады.