Кыргызстанда COVID-19га каршы кытайлык “SinoPfarm” вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү

Кыргызстанда COVID-19га каршы кытайлык “SinoPfarm” вакцинасынын биринчи компоненти түгөндү.

Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вакцинанын биринчи дозасы Бишкекте эрте түгөндү. Бул Кытай тараптан жеткирилген препараттын 150 миң дозасы. Азыр экинчи доза менен эмдөө уланууда. Белгилеп кетсек,

буга чейин Кытайдан алынып келине турган вакцинаны жеткирүү суроосу чечилип,

ал жакынкы аралыкта өлкөгө келери айтылган.