Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу уланууда

Кара-Балтадагы текстиль фабрикасынын курулушу уланууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Курулушу былтыр башталган объекттин жалпы баасы 27 миллион долларды түзөт.

Аянты 93 миң чарчы метр.

Ишкана алгач 400гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылып, күнүнө 20 тоннага жакын жип жана кездеме чыгарат.

Ал эми өндүрүлгөн продукциянын 85 пайызга жакынын коңшу өлкөлөргө жана Европага экспорттоо пландалууда.