УКМК антитеррордук коргоого алынуучу объектилердин тизмесин кеңейтүүнү сунуштоодо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет антитеррордук коргоого алынуучу объектилердин тизмесин кеңейтүүнү сунуштоодо.

Мыйзам долбооруна ылайык, тизмеге мечиттерди, чиркөөлөрдү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерди киргизүү пландалууда.

Негизги максат объектилерди коргоону камсыздоо жана террордук актылардын коркунучун жок кылууга шарттарды түзүү экени белгиленет.

Документ коомдук талкууга коюлду.