Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай кооптуу абал 6-сентябрга чейин сакталышы мүмкүн.

 

Андан тышкары, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Буга байланыштуу, тоолуу аймактарда арыктарды, каналдарды тазалап, жарандарга этият болуу сунушталат.