Ош шаарында жаңыдан каттоого тургандар шайлоодо добуш бере албайт

Ош шаарында жаңыдан каттоого тургандар шайлоодо добуш бере албайт.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, жашаган жерин өзгөрткөн

30 миң жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Укук коргоо органдары

28-мартка чейин чечим чыгарышы керек, эгер кечиктирилсе алар шайлоого катыша албайт.

Буга чейин бир эле дарекке миңден ашык адам катталганы аныкталган. Бул боюнча

милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Эске салсак, 12-апрелде Ош, Каракол, Балыкчы,

Токмок жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине жана ондогон айылдык кеңешке шайлоо өтөт.