14-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге чейин Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, “Жал-15” кичи району, 30 дарегинде таза суу берүү токтотулат.
Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы зарыл.