Сентябрда эмгек мигранттары Кыргызстанга 295,5 миллион доллар которду

Сентябрда эмгек мигранттары Кыргызстанга 295,5 миллион доллар которду. Адаттагыдай эле, сумманын басымдуу бөлүгү, же 290 миллион доллары Россиядан келди.

 

Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Бир ай мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу, чет мамлекеттерден келген каражат 22 пайызга же 53,5 миллион долларга көбөйдү. Белгилеп кетсек, жыл башынан бери эмгек мигранттар 2 миллиард 32 миллион доллар которушту, бул өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга көп.