Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер келет

Бишкекке аймактардан 100дөй дарыгер келет. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, алар медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жаткан ооруканалар арасында бөлүштүрүлөт.

 

Аларга айлыктан тышкары кошумча төлөмдөр берилип, жайшай турган жерлер дагы даярдалды. Андан тышкары, бийлик бүгүн бейтаптар үчүн кошумча 700 орун камдоо ниетинде. Оорукана алдына жогорку окуу жайлардын жатаканалары өзгөртүлөт.